Жеке жактарга көрсөтүлүүчү телекоммуникациялык кызматтар боюнча тарифтик пландарга өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө кулактандыруу
1 июль 2026
Урматтуу абоненттер!
Сиздерге маалымдайбыз, 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү тарифтик пландарга жаңы туташтыруу жана алар боюнча кызмат көрсөтүү токтотулат:
- «Ысык-Көл 1»;
- «Ысык-Көл 2»;
- «Ысык-Көл 3»;
- «Толкун 1» (архивдик тарифтик план, учурдагы абоненттер үчүн гана жеткиликтүү);
- «Толкун 2»;
- «Толкун 3»;
- «Толкун 4»;
- «Булут 1»;
- «Булут 2»;
- «Булут 1 ЖА»;
- «Булут 2 ЖА»;
- «Булут 3 ЖА».
Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы жеке жактар үчүн тарифтик пландарды бирдиктүү тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында, сиздер үчүн «Үй-бүлөлүк+» аттуу бирдиктүү тарифтик пландар топтомун даярдадык.
Эми «Үй-бүлөлүк+» тарифтик пландары ЭлКат тармагына техникалык жактан туташуу мүмкүнчүлүгү бар Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жеткиликтүү. Бул сиздерге жашаган аймакка карабастан бирдей жана ыңгайлуу тейлөө шарттарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

